Татынакай сулуу кыз бар,
Бек байке, Ош тарапта.
Жар издеп келген болсоңуз,
Жүрүңүз Жапалакка.
Ал жакта бир сулуу кыз бар,
Жакшы көрөт шакарап.
Андай сулуу кыз таппайсыз,
Дүйнөнү аралап.

Келдим мен Ош тарапка,
Жар издеп өзүмө.
Ылайыктуу кыздар жок,
Көрүнбөйт көзүмө.
Добр айтты бир жерде,
Бир сулуу бар деди.
Издесемби мен анын,
Ишенип сөзүнө.

Кайырма:
Жашап өскөн жери анын,
Жапалак, Жапалак.
Жакшы көргөн тамагы,
Шакарап, шакарап.
Андай сулуу жок экен,
Жерде да, айда да.
Издеп аны тапкандыкты,
Тапалак, тапалак.

Бардым сулуу кыз издеп,
Ноокатка, Алайга.
Кызыл-Кыя, Баткенге,
Кара-Сууга, Сабайга.
Добр айтты бирөө бар,
Жапалакка бар деди.
Туруп калдым эки анжы,
Ойлонуп далайга.

Кайырма:

Жер жүзүндө ай чырайлуу,
Сулуу кыздар абдан көп.
Арасынан эң ылайыктуу,
Сизге бар бирөө.
Кааласаңыз башка жерден деле,
Издеп көрүңүз.
Бирок мындай сулуу кызды,
Эч жерден көрбөйсүз.
Көрбөйсүз мындай кызды,
Миң айланып жер жүзүн.
Бүт жагынан төп келишкен тың,
Ай чырай жүздү,
Туулуп-өскөн Жапалактан.
Жакшы көргөн шакарап,
Андай кызды ким тапса да,
Тапалак, тапалак.

Турмуш үйгө тың экен,
Тириликке шыр экен.
Көзү толгон сыр экен да,
Дилинде ыр экен.
Күндүз ага иш экен да,
Кечкисин бош экен.
Бишкегиңе барбайм дейт,
Сүйгөн шаары Ош экен.

Один комментарий к “Бек Борбиев — Жапалак тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *