Датасы: 11.08.2020
Формат: mp3

Теңир бизди жаратканбы эгиздей
Санаам тынбай улам сайын сени эстейм
Алыс жерде жүрсөң экен аман-соо
Ак берметим ай айдай сулуу периштем

Өмүр мага бир жашоого келгенби
Өзүм үчүн бергенби
Талаа кезип кыдырсам да дүйнөнү
Табалбасмын сендейди

Кайырма:

Ардагым менин
Асылым менин
Сен үчүн жашап келемин
Сени сагынамын ар дайым
Ардагым менин
Асылым менин
Өзүңдү күтүп келемин
Сүйүп келемин

Бактым менин таалайыма жазылган
Бакчамдагы аппак гүлүм ачылган
Ай нурунан агып түшүп келгендей
Акак болуп жаралгансың асыл жан

Дүйнөм сулуу сен бар үчүн өмүрдө
Күндө майрам көңүлдө
Жүзүң болду жүзүң жагып нур болдуң
Жүрөгүмдүн төрүндө

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *