Датасы: 24.11.2021
Формат: mp3

Далай жыл акты
Таттуу да ачуу
Сени гана издеп келемин
Жийде гүл бурап
Көзүм шам чырак
Кайда кеттиң асыл чүрөгүм
Мен да сагындым
Отко кабылдым
Энеге жүрдүң мынча жоголуп
Кусалуу өрттөн
Кыйналдым көпкө
Жүрөктү биз чексиз кордодук

Кайырма

Кумар жык толгон
Кулүп ойногон
Мезгил эми келбейт кайрылып
Тагдыр кошподу
Кайыр кош болгун
Биздин жолдор эки айрылыш

Торгой ун салган
Ак шоола таңдан
Тилеп турам сага өмүрдү
Жаштыгын күлкүн
Жанаша жүрсүн
Чөктүрбө сен жаным үмүттү

Бийик бел аштык
Жолдон адаштык
Пайда чыкпайт эми кайгыдан
Тунук махабат
Тозсун жадырап
Бул жашоого келсек кайрадан

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *