Тойбосс
Тойбосс

Сөзү, обону Элдики (Үзунду)

Ийнемдин учун майтардым, 

Бүгүн бир короо кайтардым. 

Ийнемдин учун түзөттүм 

Ишенбей короо күзөттүм.

Уугумдун учу долоно, 

Ууру да, бөрү жолобо.

Ууру бир келсе уштайбыз, 

Башын бир айра муштайбыз.

Короомдун учу таман жол, 

Кайтарган короом аман бол. 

Кыз-келин короо күзөткөн, 

Илгертен калган салт ошол.

Ууру келсе уштайбыз, 

Бетин айра муштайбыз, 

Төөгө чиркеп байлайбыз, 

Төбөгө чаап айдайбыз.

Кара-Тоону этектеп, 

Мен коноюн Бекбекей. 

Кара макмал тонуна, 

Жең болоюн Бекбекей.

Кызыл-Тоону этектеп, 

Мен коноюн Бекбекей. 

Кызыл жака тонуңа, 

Жең болоюн Бекбекей.

Иче турган ашыңа, 

Бал болоюн Бекбекей. 

Мине турган атыңа, 

Жол болоюн Бекбекей.

Күндөп-түндөп жүгүргөн, 

Түлкүнүн буту сөгүлсүн. 

Түн уйкуну үч бөлгөн, 

Көк чунак каны төгүлсүн.

Койдун сүтү коргошун, 

Кой уурдаган оңбосун. 

Эчкинин сүтү эрменде, 

Эчки уурдаган шерменде.

Бекбекей айтып кыз-келин, э-ээ-э-эй

Ай жарыгы түндө ойнойт э-ээ-э-ээй

Адырда жылкы кайтарган э-ээ-э-э-й Жылкычы жигит кимди ойлойт ээ-ээ-ээ-эй

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Самара Каримова — Жеңиш күнү тексти1297
Гүлназ Чыныбек кызы — Жолуксак кандай жакшы тексти871
Сыймык Бейшекеев - Жоокер ыры тексти428
Самара Каримова - Эстелик тексти422
Түгөлбай Казаков — Эстелик тексти304
Эрлан Андашев — Уяласын го тексти289
Азиз Батыров — Алга Кыргызстан тексти221
Самара Каримова — Эстелик тексти217
Айзада Жамгырчиева — Cүйүп барам тексти212
Чубак Сатаев - Жарамазан тексти212

Один комментарий к “Бекбекей тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.