Мен балалыкка кайткым келет
Кагаздан кайык жасап сууга агызган
Мен балалыкка кайткым келет
Чуркаган кулап түшүп жашын агызган
Мен балалыкка кайткым келет
Кабар жок жалгыз гана оюн самаган
Мен балалыкка кайткым келет
Майрамдын келишине күндөр санаган
Кайырма
Балалыгым кайдасың
Айтсаң боло тагдырыңды
Балалыгым кайдасың
Сен да мени сагындыңбы
Балалыгым кайдасың
Бүгүн барам кучак жайып
Балалыгым тосуп ал
Оозунан айылымдын
Мен балалыкка кайткым келет
Жайыгымда айылымдын кезүү кайтарган
Мен балалыкка кайткым келет
Машина деп айдап жүргөн тизип таштардан