Датасы: 15.04.2025
Формат: mp3

Сага сунган байчечек гүлдөрүмдү,
Кээде эстеп жылмайып күлгөнүңдү.
Айла канча жүрөктөн тилеп жүрөм,
Кайда болсоң сен аман жүргөнүңдү.
Айла канча жүрөктөн тилеп жүрөм,
Кайда болсоң сен аман жүргөнүңдү.

Кайырма:
Учурганым колумдан ката болду,
Азыр жары бирөөнүн апа болдуң
Коё бербей сүйгөндү деп урушуп
Мен өзүмө аябай капа болдум

Кайрый алсам өткөндү, күндөрүмдү
Кайтармакмын биринчи сүйгөнүмдү
Деген менен азырды элестетсем
Билбей калам ыйлаарым күлөөрүмдү

Кайырма:
Учурганым колумдан ката болду
Азыр жары бирөөнүн апа болдуң
Коё бербей сүйгөндү деп урушуп
Мен өзүмө аябай капа болдум

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *