Аткаруучу: Бекназар Тилеков & LUCKY
Сүйөм
Мен сени кең ааламга батпай сүйөм
Мен сага сүйөмүн деп айтпай сүйөм
Акылдын ченемине баш бербеген
Жүрөгүм сүйлөп турган мастай сүйөм
Кысылбай кенен сүйөм ачык сүйөм
Сүйүмдөн эки эсе ашык сүйөм
Жүгүрүп мезгил менен токтоп калбай
Өмүрдүн ыргагында шашып сүйөм
Сагынсам ойлоп сүйөм эстеп сүйөм
Жетпесе андан дагы көп көп сүйөм
Ар кимдин назарына илиндирбей
Аярлап көпчүлүктөн четтеп сүйөм
Мен сенин күлкүң болом кубанганда
Ыйласаң жашың болуп көзүңдөгү
Сен болуп сендеп гана күн кечирем
Унутуп бүт бардыгын өзүмдөгү
Тарасаң чачтарынды толкунга окшош
Толкунду ыргытамын тереңине
Мага азыр сенин сүйүүңөн чоң милдет
А андан башкасынын кереги не
Жоголсом сендеп эзип бардыгынан
Табылсам сенден гана табыламын
Мен сени сүйгөн үчүн бактылуумун
Мен сени сүйгөн үчүн таарынам
Мен сенден күндө кетип күндө келем
Сен өзүң кел дебейсиң кет дебейсиң
Мен сени сенден дагы көп ойлоном
Сен мени эстейсиң же эстебейсиң !
Сагынсам ойлоп сүйөм эстеп сүйөм
Жетпесе андан дагы көп көп сүйөм
Ар кимдин назарына илиндирбей
Аярлап көпчүлүктөн четтеп сүйөм
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.