Жазгы гүлдөй жайнаган жамалыңды,
Бир көрбөстөн арманда каламынбы.
Жолугууга бир келсең эмне болмок,
Убактыңды ушунча аядыңбы.
Ишенемин экөөбүз кездешербиз,
Кез келгенде ал күндөрдү эстешербиз.
Ара жолдо калбайын ыйламсырап,
Суранамын башкага кетпесеңчи.
Билсең деле жөнөйт деп кабарымды,
Кетеримде көрбөдүм мен карааныңды.
Кезигүүгө бир келсең эмне болмок,
Ушул бойдон көрүшпөй калабызбы.