Датасы: 30.11.2022
Формат: mp3

Жазгы гүлдөй жайнаган жамалыңды,
Бир көрбөстөн арманда каламынбы?
Жолугууга бир келсең эмне болмок,
Убактыңды ушунча аядыңбы?

Ишенемин, экөөбүз кездешербиз,
Кез келгенде, ал күндөрдү эстешербиз.
Ара жолдо калбайын ыйламсырап,
Суранаарым, башкага кетпесеңиз.

Билсең деле жөнөйт деп кабарымды,
Узатаарда көрбөдүм карааныңды.
Жолугууга бир келсең эмне болмок,
Ушул бойдон көрүшпөй калабызбы?

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *