Илгери өткөн заманда бир киши жана анын үч баласы бар экен. Алар үй-бүлөсү менен бактылуу жана ынтымакта жашаптыр. Бир жолу Бакыт ал кишиге минтип айтыптыр:

– Мен бүгүндөн баштап сенин үйүңдөн кетем!

Эмне болгонун түшүнбөй, ал киши улуу баласын чакырып алып мындай дейт:

Бакыт биздин үйдөн кетем деп атат. Буга эмне дейсиң, эмне кылабыз?

– Кетсе, кете берсин! Бизге Бакыттын кереги жок, биздин достугубуз кетпесе болду дейт, – улуу баласы.

Атасы бул жөнүндө ортончу баласынан эмне кылабыз? – деп сурайт.

Ортончу баласы да:

– Кетсе кете берсин Бакыт, биздин ынтымагыбыз бар эмеспи, – дейт.

Ата эң акырында кичүү баласынан сурайт, кичүүсү:

– Биздин үйдөн бакыт кетсе, биздин биримдигибиз калат, – дейт.

Үч баласынын оюн уккандан кийин атасы балдарынын айткандарын Бакытка айтып берет. Баарынын сөзүн уккандан кийин Бакыт мындай дейт:

– Мен эми силердин үйдөн кетпейм. Кай жерде биримдик, достук, ынтымак болсо, менин ордум ошол жерде, мен мындай жерден эч жакка кетпейм. А силер болсо өзүңөр эле ынтымактуу болбостон ойлогон оюңарда да ынтымак, достук, биримдик бар. Мына мен ошондуктан силердин үйүңөрдөн кетпейм, – дейт. Ошентип, ал киши үч баласы менен өмүрүнүн аягына чейин бактылуу жашап өтүптүр.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Акылдуу кыз жомок18
Жетим менен сыйкырчы жомок10
Алия менен жылкы8
Акыл карачач7
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)6
Көмөч нан (колобок) жомок6
Казан куйрук (казак эл жомогу)5
Бактылуу карылык жомок4
Жарык жол4
Тамсил: Кемпир жана тоок4

Биримдик: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *