Датасы: 27.12.2024
Формат: mp3

Сүйүнүн көзү сокур дечү эле

Көрүнбөй сенден башка эч эле

Махабат жолдорубуз адашып

Ачылбай койду такыр бешене

Мен сени таптым го деп ойлогом

Жүрөктүн ээси го деп болжогом

Ойлонуп көрөлүчү деп анан

Оюмду бузуп салдың ортодон

Сезимиң жоктой мага байкасам

Мен сенин көңүлүңдү таппасам

Көңүлгө карай бербе түшүнөм

Чыныңды айтчы сага жакпасам

Жакпасам убактыңды коротпо

Жакын деп жүрөгүңө жолотпо

Үмүткө байлап койбой жип менен

Сен туура түшүндүрсөң болот го

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *