Датасы: 23.10.2020
Формат: mp3

Салкын жел беттен сылап,
Бийикте булуттар четтен жылат.
Күз аягы келип жеткен убак,
Айлана тунжурап.
Бүгүн булуттун көңүлү чөктү,
Билбеймин сен үчүн азбы-көппү?
Өзүңсүз туптуура бир жыл өттү,
Биз жактырган алма бак гүлүн төктү.
Кайырма:
Акын болбосом да сен үчүн деп сөз курап,
Ыр жазууга жүрөк, чиркин, тынбай умтулат.
Аккордеон коштоосунда мен кыялымда,
Бийге тартам сени.
А сен болсо азыр кучагында кимдердин?
Түбөлүк сүйөм деп дагы кимге сөз бердиң?
Ажайып сулуу жүзүңө арбалып,
Ким жүрөт эми?
Арманым ичке батпай,
Айласыз изденип, бирок таппай.
Түндөр узарып, таңдар атпай,
Убакыт барат жай.
Ойлосом, ишенбеймин,
Өңүм эмес, түш болсочу деймин.
Өзүңсүз кантеримди билбеймин,
Сагынып, сага карай жол издеймин.
Кайырма:

Борончу Кудайбергенов — Сагынып сага карай жол издейм тексти: 15 комментарий

      1. Негизи балалыктан ырларды коркомуно келтирип ырдаганды аябай жактырамын, жакын арада эле угуп калдым, ото керемет, деги эле журоктогу сезимимди козгоп койду

    1. Хоть я и не постарела, но вспоминаю свою красивую молодость, студенческие годы, как парни бегали

  1. Негизи балалыктан ырларды коркомуно келтирип ырдаганды аябай жактырамын, жакын арада эле угуп калдым, ото керемет, деги эле журоктогу сезимимди козгоп койду

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *