Борумуңдан боз бала
Боздотпогун садага.
Боздосом да жеткирбей,
Бой саласың башкага.
Ой, боз бала,
Ой, боз бала,
Күтөм колхоз багында.
Жок келбейсиң,
Чолон тийбейт.
Кызыл кырман
Маалында.

Жайдарыңан жаш бала,
Жалынтпачы садага.
Жалынсам да жеткирбей,
Жалоорупсун башкага,

Oй, бoз бaлa,
Oй, бoз бaлa,
Күтөм өзөн
Жанында.
Жок келбейсиң,
Колун тийбейт.
Кызыл кырман
Маалында.

Кыялыңдан бир бала
Кыйналтпачы садага,
Кыйналсам да жеткирбей,
Кызыгасың башкага.
Ой, боз бала,
Ой, боз бала.
Күтөм кампа жанында,
Жок келбейсин,
Куткүн дейсин,
План бүткөн
Маалында.

Ой, боз бала, боз бала,
Ойнойлу кен заманда,
Мага да далай жалынган,
Сен өндөнгөн көп бала.
Ой, боз бала,
Ой, боз бала.
Бери басчы
Жаныма.
Ыр таратып
Жашайлыкчы
Эл берген
Заманда.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *