Булбулдай черди таркаткан,
Селкилер ырдап бараткан.
Сергитип бойду атыр жел,
Сары чолпон чыгып таң аткан,
Гулкайырдай буралып,
Күлүшүң жанга жарашкан.
Элесиң таңда жаркылдап,
Эрксиз нечен караткан.

Көргөндө көздү талдырган,
Күн нуру болсоң сүйгөнүм.
Кетпеди менин эсимден,
Кеңешкен айлуу түндөрүм.
Күмүштөй тишиң кашкайып
Күйгүзөт селки күлгөнүң,
Сүйүүнүн оту жалындап,
Сен үчүн кыйын күндөмүн.
Ак жибек кийип басканың,
Ай нуру тоону жапкандай.
Жарк этип карап койгонуң,
Жүрөктүн сырын тапкандай.
Түшүмдөн кетпей эркелеп,
Сыр чечишип жаткандай
Таарынба жигит деп койсон,
Таң сөгүлүп аткандай.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *