Датасы: 13.07.2026
Формат: mp3

Аткаруучу: CAP

Саналат күнөөлөр, саналуу күндөрдө
Байланган түндөрдө, ыйлаган үндөрү
Баягы адамдар кетишти бөлүнүп
Асманга жетишти, денелер көмүлүп
Сайгылайт жүрөктү
Замандар өзгөрүп
Баш ийбей кудайга, жүрөбүз көгөрүп
Ал жакшы, бул жаман
Алдамчы, куу заман
Ууланган тил арам
Жиндерге сыйынган
Ким адам?
Адамдык сыпаты калганбы?
Бул дүйнө жалганбы?
Карызга малганбы, эй?
Алты сан аманбы?
Калтырба амалды
Ойлоруң жаманды шамалдайт, эй

Королуп жоголот го тапканың, ай
Маңдайга жызылган тагдырың, ай
Калптардын казаны кайнабайт, ай
Жалганды сайрабай чындыкты айт!

Кайырма:
Жаш кургатып агызып элдер
Жашоонун ай каадырын издеп
Адашкандар багытын билбей
Арам жолдо ким адам?
деги ким адам, ай?

Жакындарың асманга кеткен
Өткөн-кеткен күндөрдү эстеп
А сен болсо алыстап жетпей
Адал жолго бир каадам!
Даги бир каадам, ай!

Саны көп-сапаты да жок!
Кимиң жөнөкөй, кимиң чоң?
Илим жок, тили жоон, көп сүйлөгөн ары жок
Суроо-жооп? Алы жок, түздөлгөнгө жаны жок
Бири болсо, бири жок. Бири ачка, бири ток

“Бир кумалак бир карын майды чиритет”
Адамдан башкасы, адамга ким керек?
Аракетчил бул турмушта кыйналса да чечет
Кыймылдаган акырындап бийиктерге жетет
Миң мертебе ыраазы болгун кудайыма шугур
Аз болсо да, көп болсо да, туура жолго жүгүр

Бири тиги дейт, бири бул дейт,
муну кырк деп, кайра тик деп, аны тиктеп

Ага жетпей, ала кетпей,
бирде фит тээп, бирде джип тээп
Жүрөт чекчейип!

Кайырма:
Жаш кургатып агызып элдер
Жашоонун ай каадырын издеп
Адашкандар багытын билбей
Арам жолдо ким адам?
деги ким адам, ай?

Жакындарың асманга кеткен
Өткөн-кеткен күндөрдү эстеп
А сен болсо алыстап жетпей
Адал жолго бир каадам!
Даги бир каадам, ай!

#blvckcapp #nelegal #нелегал
© ℗ All rights reserved. Music and Video are Copyrighted

YouTube булагы

Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *