Чамгыр жомок

05.05.2020 152
Чамгыр жомок
Чамгыр жомогу

Бир абышка чамгыр отургузат. Чамгыр абдан чоң болот. Абышка чамгырды жулуп алайын десе жерден сурулбайт. Тартып -тартып чыгара албайт.

Чамгыр жомок 1

Кемпирин чакырат.
Кемпири абышканы,
Абышка чамгырды —
Тартып -тартып чыгара албайт.

Чамгыр жомок 2

Кемпири абышканы,
Абышка чамгырды —
Тартып -тартып чыгара албайт.

Кемпир небересин чакырат.
Небереси кемпирди,
Кемпир абышканы,
Абышка чамгырды —
Тартып-тартып чыгара албайт.

Небереси күчүгүн чакырат.
Күчүгү небересин,
Небереси кемпирди,
Кемпир абышканы,
Абышка чамгырды
Тартып-тартып чыгара албайт.

Чамгыр жомок 3

Күчүк мышыкты чакырат.
Мышык күчүктү,
Күчүгү небересин,
Небереси кемпирди,
Кемпир абышканы,
Абышка чамгырды —
Тартып-тартып чыгара албайт.
Мышык чычканды чакырат.
Чычкан мышыкты,
Мышык күчүктү,
Күчүгү небересин,
Небереси кемпирди,
Кемпир абышканы,
Абышка чамгырды-
Тартып-тартып чамгырды жерден сууруп алышат.