Бул аудио китеп Кыргыз классикасы каналы тарабынан даярдалган

Дагы башка жаңы китептерди бул шилтеме аркылуу уксаңыз болот.

Согуш учурунун катаал шартында бийик адамдык абийирин сактап калган «Ак-Сай десанттары» — өспүрүмдөр тууралуу баян.

Башкарма, майданчы Тыналиев мектептен Ак-Сайга кош айдоо үчүн беш жигитти – «чорону» тандап алат. Алардын колбашчысы он бештеги – Султанмурат, экинчи чоро – Анатай, үчүнчү чоро – атка жеңил, тайга чак Эркинбек баатыр, төртүнчүсү – Алтын туяк аты бар Эргеш баатыр, бешинчиси – Кубаткул. Мына ушул Тыналиев «Ак-Сай десанттары» деп атаган балдарды алдыда оор сыноолор күтүп турган.

Чыгармада ошол балдардын өмүрүнүн бир кыска үзүмдөрү, кош айдоого даярдыктары, кош айдоо кезиндеги жеңиштери жана жеңилиштери чагылдырылат.

Чыңгыз Айтматов — Эрте келген турналар: 84 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *