Бул аудио китеп Кыргыз классикасы каналы тарабынан даярдалган

Дагы башка жаңы китептерди бул шилтеме аркылуу уксаңыз болот.

Кылым карытар бир күн (1980) – роман. СССР мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Ч. Айтматовдун бул романы өзүнүн идеялык-тематикалык багыты, сюжеттик-композициялык түзүлүшү боюнча “[Гүлсарат]” повестине жакын.

Танабай Гүлсары жорго менен акыркы сапарда баратып, күнү бүтүп, суусу түгөнгөн эсил жоргонун башында отуруп өткөн күндөрдү эскерүүсү аркылуу сюжеттик окуялар ретроспективдүү планда өнүктүрүлсө, “Кылым карытар бир күн” романында да көпчүлүк окуя Бороонду бекеттин темир жол жумушчусу Казангаптын кайтыш болгон саатынан аны жайына койгонго чейинки мезгил аралыгындагы анын кесиптеш жакын жолдошу Эдигейдин эскерүүсү аркылуу баяндалат.

Чыңгыз Айтматов — Кылым карытар бир күн: 11 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *