Датасы: 11.10.2020
Формат: mp3

Балбылдап жанган чырагым элең,
Жанымда жүргөн ынагым элең,
Алыста жүрсөм, таштап сен кеттиң,
Ардагым менин туруксуз белең.
Кайырма:
Азыр да ойдо элесиң турат,
Сагыныч отун өзүңө бурат,
Эстесем өткөн күндөрдү,
Көзүмдөн жашым агат, куюлат.
Андан бери күндөр өттү уланып,
А мен болсо жүрөм сени сагынып,
Жүрөгүм сыздап кетет сени ойлосом,
Унутпай эстей жүргүн мени дагы.
Кайырма:
Сүйгөнүм, мен тагдырга таарынбаймын,
Сүйбөсөң – сүйчү деп жалынбаймын,
Күтөмүн, күтө берем махабатым,
Сүйгөнүм, сүйчү элем сени дагы.
Кайырма:

Один комментарий к “Чыңгыз Турдубеков — Сагыныч тексти”

  1. ыр саптарында ката жок!
    Бирок бул ыр мага гана жазылгандай, ар бир сап баштан өткөн күндөрдү эске салат.
    Кээде бугум чыгарып караокеге барып, кыйкырып ырдап алам. анан жеңилдей түшөм

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *