Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Күн чыкканда уядан,
Күмүш нурунан уялам.
Күндөр өтсө өкүнүп,
Токтой турчу деп суранам.
Түн жамынып айлана,
Ай баратат жай гана.
А биз ырдап бийлейбиз ла-ла-ла.
Кайырма:
Убакыттар учат,
Көктөн жылдыз тарап.
Студенттик күндөрүм,
Улам жылып барат.
Жүрөккө тартуулап,
Сүйүүнүн гүлдөрүн.
Табылбайт издесем,
Студенттик күндөрүм.
Таң агарып атканча,
Чолпон жылдызы батканча.
Шайыр достор менен бирге,
Бөлөп айлананы шаңга.
Күндөр зымырап кайрылбайт,
Достор, жандангын кайгырбай.
Калсак кана ушул күндөрдөн айрылбай.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *