Нур шооласын төгүп,
Ай жүзүңдөн өбүп,
Кыялымда сени гана.
Таалайыма жазса бир өзүңдү мага,
Болор белең мендик гана?
Кайырма:
Эзилип жүрөк,
Эңсеп сени жүрөт,
Эби жок согуп жүрөк.
Түгөнбөгөн күйүт үзүлбөгөн үмүт,
Жолуңду карап күтөт.
Тамшанып жүзүңө,
Табышмак көзүңө,
Тартылам дайым өзүңө.
От болуп махабат,
Сезимге чок салат,
Жан дүйнөм сага байланат.
Кайырма:
Данияр Эрматов — Күткөн жүрөк (New version) тексти
Датасы: 03.10.2020 Көрүүлөр: 550