Датасы: 12.10.2020
Формат: mp3

Сага гүлүм сунамын, сүйүүм арнаймын,
Мага бир келген тунук махабатымсың.
Жашоомдун кызыгы сенсиң, жаным,
Бир болуп, таталы сүйүү балын.
Карагаттай көзүң ыйлатпаймын түбөлүк, жаным.
Кайырма:
Кол кармашып биз дайым,
Жашайлычы түбөлүккө, жаным.
Ак сүйүүнүн сырларын,
Ачалы бири-бирибизге, жаным.
Бул өмүрдөн тапканым бир өзүң, жаным,
Бакытым, айым, күнүм, ачык асманым.
Бирге болчу, жаным, мени менен,
Бир өтөлү сүйүү деңизинен.
Бир өзүңдү, жаным, сүйө берем, жалгызым менин
Кайырма

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *