Аздектеп ойлоруңда сиз дейинчи
Адашкан сүйүүм сиздин издейинчи
Кездешип калсак достор арасында
Сездирбей жытыңыздан искейинчи

Музыка ыргагында бийлеп калсак
Ийиниңе башым жолоп алайынчы
Кусалуу эңсөөлөрдү четке кагып
Ирмемди сиздик болуп калайынчы

Жылмайган жүзүңүздү карегиме
Байкатпай катып алып кетейинчи
Жактырып сизди сүйгөн жүлүгүңдөн
Мукамдуу сүйүү күүсүн чертейинчи

Мен сизди кол жетпеген алыстыкта
Сагынып самап жүрүп өтөйүнчү
Алсаң да түгөй кылып жалгыздыкты
Кыя да ажыратбай экөөбүздү

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *