Датасы: 26.10.2020
Формат: mp3

Аралап баратып сансыз гүлдөрдү,
Ачылган бир назик кызыл гүл көрдүм.
Аңкыган жытына гүлдүн мас болуп,
Азгырылдым, үзбөдүм.
Карадым, ойлонуп ойдун тереңин,
Кыздарды ал назик гүлгө теңедим.
Кызыгып, ал кызды алдап сүйгүчө,
Кызылынан сүй деймин.
Кайырма:
Гүлдөп турган гүлдү үзбө,
Кыз аралап миңди сүйбө!
Кыздын дагы убалы бар, билгин,
Кадырына жетпей, ара жолдо жүрбө!
Карагын, ойлонуп кызга тийбегин,
Кыздарды асманда айга теңегин.
Кыдырып, кыз баркын тепсеп жүргөнчө,
Кадырына жет деймин!
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *