Датасы: 15.09.2020
Формат: mp3

Жан күйөрүм мага,
Сен сүйөрүм апа,
Бар асылым апа,
Ынагымсың.
Багбанымсың ата,
Зор бактымсың ата,
Коргонумсуң ата,
Чырагымсың.

Кайырма:
Апа, дайыма сен менен мактанамын,
Апа, мен сени Меккеге алпарамын,
Апа, бейиш го сен барда төрт тарабым,
Булагымсың.
Ата, бир айткан сөзүңө шаттанамын,
Ата, мен сени Меккеге алпарамын,
Ата, бийикке жетелейт айткандарың,
Чынарымсың ата.

Өмүр берген мага,
Көңүл бөлгөн мага,
Кудай берген мага,
Ай, күнүмсүң.
Камкорлорум даана
Кубат берер мага
Атам менен апам,
Байлыгымсыз,

Кайырма:

Апам менен атама минусовка

Динара Тилекеева — Апам менен атама тексти: 76 комментарий

          1. Ыр сонун экен мага жакты ♥️♥️♥️

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *