Датасы: 26.02.2025
Формат: mp3

Бакытым бол кучагымда мен эңсеген
Ашыгамын сага
Бал жыттуу эриндериң “сүйөм” деген
Арзууң айтат мага

Жол бирге
Сүйүү кемесинде
Сүзүп эркиндикте
Махабат сересине
Сен менен
Жашоо жарык, кенен
Жашартып дүйнөнү
Ашыктык ыры менен

Сырын төгүп арзуум комуз кылдарында
Сезимдерим гүлдөп сүйүүнүн багында а-а-а
Бакытым бол кучагымда а-а-а-а

Бүт ааламга сүйүүм жар салат
Жүрөктөрдө өнсүн махабат

Ашырууга бакытыңды жарап чамам
Мага көңүл бөлсөң
Арчаң болом жамандан аластаган
Мен күйүп өчпөгөн

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *