Илгери бир аял эки уулуна эки жерди бөлүп берет. Балдары бөлүп алган жерине эгин эгип, бак тигишип, жаз-жай бою иштешет. Уулдары түн ичинде уктап жатканда энеси экөөнүн тең башында дайыма эки жылдыз жанып турганын көрчү экен.

Жай өтүп, берекелүү күз келет. Уулдары эгинин оруп-
жыйып, оп майдалап бастырып, сапырып, тазалап, кызыл данын эки жерге үйүп коюп, үйлөрүнө келет. Энеси мал союп, чечкор өткөрөт.

Ошол күндөрдө түнкүсүн балдары кезектешип, кырманды кайтармак болушат. Алды менен кичүүсү келип, ары басып, бери басып жүрүп, агасынын эгининен ташып, өзүнүкүнө кошуп коёт. Түн ортосу оогон кезде улуусу кырманга күзөткө келет. Караса, инисинин кызылы көбөйүп калган.

‒ Инимди баба дыйкан колдогон экен. Ошондуктан, анын эгини көбөйгөн тура. Кичүүсүнтүп тигини тигинт, муну минт деп көп жумшачу элем. Ошол эмгегин баба дыйкан билген экен. Эмгеги акталыптыр, ‒ деп кубанып, таң атарда үйгө келип, инисинин жанына жатып уктап калат.

Кырманды караганы энеси келсе, улуу уулунун эгини кыбыр этип кыбырап, бир даны эки дан болуп, улам көбөйүп отуруп, кичүү баласынын эгинине жетип, ага да дан чачырайт. Дан чачыраган сайын кичүү уулунун даны азая баштайт. Ошондо эгиндин көбөйүшү токтолуп, тымып калат.

Эки бир тууган 2

Шашып-ушуп эне үйүнө келсе, уулдары дале уктап жатат. Улуу баласынын башында мурдагыдай эле чолпон жылдыз жанып, кичүүсүнүн башында бир кара ит үрүп турганын көрүп, чочуп кетет. Балдарын ойготуп:

‒ Балам, түндө эмне иттик кылдың эле, жашырбай айт?
‒ деп кичүү баласынан сурайт. Кичүү уулу түндө агасынын эгининен алып, өзүнүкүнө кошуп койгонун жашырбай айтып берет.

‒ Балам, түндө сен эмне иш кылдың эле, жашырбай айт? ‒ деп улуу баласынан сурайт. Улуусу көргөн-билгенин, ойлогонун айтып берет. Андан кийин энеси өзү барып кырмандан көргөндөрүн, кичүү уулунун башындагы үрүп
турган итти көргөнүн балдарына айтып берет.

Мына ошондон кийин кичүү баласы ичи тардыгын коюп, агасына жардам берип калыптыр.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок38
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
Карышкыр менен эчки16

Один комментарий к “Эки бир тууган”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *