Эки бир тууган жана желмогуз

Бар экен жок экен, көп балалуу бир жакыр үй-бүлө болгон экен. Бир күнү балдарын кантип тойгузарды билбей дайыма кыйналган эне алардын эң улуу үчөөсүн дарыяга салып жиберип кутулмак болот. Ошентип ал ойлогон жаман оюн ишке ашырып, үч уулун алдап ээрчитип барып дарыяга түртүп жиберип келе берет. Бирок эки улуусу сүзгөндү билгендиктен наркы жээкке аман-эсен чыгып, алардын эң кичүүсү гана сууга чөгүп кетет.

Анткен менен балдар сүзүп чыккан жээктен нары желмогуздардын өлкөсү болгондуктан, кайрадан эле өмүрлөрүнө коркунуч туулат. Улуу бала кичүүсүнө караганда тың жана чечкиндүү болгондуктан инисин бадалдын арасына жашырып, эки жакты карап жашай турган жай издейт. Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир убакта айлампа түрүндө курулган кепелерге келип, эки жакты карайт да, эч кимди көрө албаган соң кепелердин эң чоңуна кирип, анда кыбыр эткен жан жоктугуна көзү жетип, чачылып жаткан буюмдарды жыйнап, эзели шыпырылбаган тамандырыгын шыпырып, иретке келтирген соң тамак жасай баштайт.

Ошентип кеч киргенде бул үйдүн желмогуз ээси келип, ирээттелип калган үй ичин таңгала карап, таноосун тартып искегилеп жыттап, чоочун жытты сезип күркүрөйт:

– Адам жыттанып жатат ! Адам жыттанып жатат!

Желмогузду көрүп анча деле коркпогон бала, жашынган жеринен чыга келет.

– Коркпогун кичинекейим, коркпогун! Мен сага тийбейм. Мындан кийин экөөбүз чогуу жашап, ынтымактуу болобуз,- дейт желмогуз акырын ыркырап. Ал үй-жайы жыйналганына ыраазы болуп, бала бышырган тамакка жутунуп, казан толо ашты заматта жалмап, бир гана ууртап чоң кумарадагы суусундукту түгөтөт да, балага эч нерсе калтырбайт. Кайра мунусу туура эмес болгонун байкап:

– Эми өзүңө бирдеме бышырып же. Мага болсо мүштөгүмө тамеки толтуруп берип кой,- деп аздан соң колуна тийген мүштөгүн куркурата соруп, үйлөп, үй ичин түтүнгө толтуруп, анан коркураган коңуругун кош тартып уктап кетет.

Кийинки күнү желмогуз бир жакка кеткенде бала тегерек кепеге инисин ээрчитип келди. Кечке жакын эки бала үйдү тазалап жыйнап, кечки тамакты даамына чыгара жасашты.

– Адам жыттанып жатат! Адам жыттанып жатат!- деп чоочун жыттан улам кирип келери менен эки жакты аңтара карап, таноолорун дердеңдеткенде — кичүү бала жашынган жеринен чыга келет.

– Айтчы балакайым, бүгүн сен эмне кылдың?- дейт желмогуз.

– Мен бүгүн эч нерсе кылган жокмун, сенин бүт тамактарыңды жеп, идиш-аяктарыңдын бирин калтырбай сындырып салдым,- деди тайманбаган бала түрү суук желмогузду биринчи жолу көрүп турса да.

– Эмне! Сен эч нерсе кылбаганың аз келгенсип, менин тамактарымды түгөтүп, идиштеримди сындырдыңбы?!- жинденген желмогуз баланы качырып сала берет. Улуу бала коркконунан жашынып жатканда, кичүүсү желмогуз менен тайманбастан кармашат. Бала жеңилип баратканда сырттан бейтааныш кемпир кирип келет:

– Бул оңбогон желмогуздун жаны тетигил кумарада, аны сындырсаңар мунун иши бүттү,- дегенде улуу бала кумарага учуп жетип, ордунан алып жерге катуу таштаганда — желмогуз жыгылып түшүп, суналып жатып калат.

– Байкуш балдар, силердин атаңар да, энеңер да жок экен ээ!- деп боор ооруй сүйлөдү кемпир.- Менин кеңешимди уккула: бул желмогуздун башын кесип алып жолго чыккыла. А өзүңөргө жаккан жерге жеткенде аны жерге таштагыла.

Балдар кемпир айткандай желмогуздун башын кесип алышып, баш оогон жакка жөнөштү. Алар жүрүп отуруп, жүрүп отуруп акыры айланасында кеңири талаасы бар, аны көк-жашыл токой курчаган, жанынан көк кашка тунук суулуу дарыя агып өткөн, жашаң чөбү белден буралган ажайып жерге келишти. Бул жердин кооздугуна арбалып калган балдар желмогуздун башын жерге таштап жиберишти. Ошондо ачып көздү жумгуча алардын бет алдына кайдан-жайдан жаралганы белгисиз заңгыраган үй, малы толо короо-жайы менен, кенен чарбак түркүн жер-жемиши менен пайда болду. Ал тургай кошуна кыштак менен байланыштырчу даңгыраган жол бир заматта салынып калды.

Жакын жердеги токой ортосундагы талаага балдар отурукташканын уккан коңшу айылдын тургундары алар менен таанышканы жөнөштү. Булардын арасында балдардын да ата-энеси бар болучу. Алар балдарын тааныбаганы менен балдар аларды таанышты.

Балдар ата-энесин, бир туугандарын абдан сагынып жүргөндүктөн ошол жерден эле жөн-жайларын айтып отурбай аларды кучактап калышты. Алар балдарына кылган кылмышы үчүн өзүн-өзү өлтүргүсү келген апасын кечиришип, атасы жана бир туугандары менен бирге жыргап-куунап жашап калышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.