Датасы: 26.02.2025
Формат: mp3

Чачтарыңдан эркелетип тарткандарым
Жамалыңа тик карап мен катып калдым
Көздөрүңдүн карегине чөгүп кетип
Кыялданамын сага барамын

Алып барам махабаттын дайрасына
Карап жатып көздөрүңдүн калдарына
Дүйнөдөгү менмин деген сулууларга
Алмашалбаймын өзүңдү жаным

Кайырма:
Махабатым
Жүрөгүмдү тилип кеттиң махабатым
Жетким келди сенин кара көздөрүңө
Уктабай тур ай толгондо барам жаным

Бир өзүңсүң жүрөгүмдү урдап алган
Тың көңүлүм жок башка кызга тартпай калган
Көрбөй калсам сагынамын минөт сайын
Өзүңдү жаным сөзүңдү жаным

Сени карап тажабадым кайра кайра
Ар баламын кара көздү жамалыңа
Сени ойлоп таңдар атар күн да батат
Таттуу балдайым татынакайым

Кайырма:
Махабатым
Жүрөгүмдү тилип кеттиң махабатым
Жетким келди сенин кара көздөрүңө
Уктабай тур ай толгондо барам жаным

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *