Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Толкунга чимирилген көлдүн жээги,
Томсортуп, тоноду го тагдыр мени.
Жалгызмын уч-кыйыры жок бул дүйнөдө,
Жалынып чакырсам да таппайм сени.
Кайырма:
Бул жашоого бир келсем да,бир кетсем,
Анан мынтип ашыгыма жетпесем.
Анда сенин барың кайсы Жараткан,
Бул дүйнөнү бир кем кылып жаратсаң?
Алмашкыс түгөйүнөн ажыраган,
Армандуу күйүтүнөн көктү айланган.
Ак куудай боюм көлгө ургум келет,
Азабын бул сүйүүнүн көтөрө албай.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *