Датасы: 17.07.2024
Формат: mp3

Сени алгач көргөнүмдө

Сезимдер байлагансыйт

Көңүлүмдөн орун алып

Сүйүүңдү арнагансың

Жарк этип сен күндөй болуп

Жаз болуп жайнагансың

Алоолонуп көзүң жанып

Жан дүйнөм арбагансың

Кайырма:

Билбептирмин мен ошондо , арманда каларымды

Жараланган каркырадай

Канатым сынарымды

Ошол күндөн,ошол күндөн

Унута албайм элесиңди

Жолугууну эңсей берем

Түшүмдө келесиңби?

Кечигип мен түшүнүпмүн

Махабат закымдарын

Жанымда сен жүрсөң дагы

Болбодуң асыл жарым

Армандуу бул жалган дүйнө

Буйрубас махабатым

Кааларым мен башкаларга

Сүйүүсүз жашабасын

Кайырма:

Арманда каларымды

Жараланган каркырадай

Канатым сынарымды

Ошол күндөн,ошол күндөн

Унута албайм элесиңди

Жолугууну эңсей берем

Түшүмдө келесиңби?

Жараланган каркырадай

Канатым сынарымды

Ошол күндөн,ошол күндөн

Унута албайм элесиңди

Жолугууну эңсей берем

Түшүмдө келесиңби?

Жолугууну эңсей берем

Түшүмдө келесиңби?

Элера Кабылжан кызы- Махабат закымдары тексти: 4 комментарий

    1. Мага абдан жакты мен ардайым ырдай обонуу абдан жакшы катасы жоок десне болот бирок кичине ката таптымырдаганда энсей берем деп ырдап жазганда энсеп келем

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *