Датасы: 14.06.2022
Формат: mp3

Ал кезди бизге ким берет
Аттиң ал күндөр бир келет
Кыялы жомок миң түркүн
Классташтар элек биз бөлөк

Кат жазып сүйөм сүйбө деп
Кандай кооз кызык дүйнө деп
Деңиз океан материк деп
Дептердин бетин чиймелеп

Кайырма:

Он бир жыл бою парталаш
Оюмда эч бир чарчабас
Классташтар кетпей эч жакка
Болсокчу ар ким таркабас

Дүйнөнүн калем сыясы
Кол булгап билим уясы
Жайдары классташтарымдын
Жайылып алыс кулачы

Андагы биздин тилектер
Алтынга белсиз мүнөттөр
Эски да болсо альбомдо
Эң кымбат биздин сүрөттөр

Достукка бекем тилектер
Махабат ыйык түлөп бер
Ашыгым сүйөм деп жазганда
Кеп андагы жүрөктө

Беш алган кезде жыргадык
Эки алган кезде ыйладык
Он күндөй туура он бир жыл
Октой тез экенин туйбадык

Сагындым сени мектебим
Сыясы жытту дептерим
Кымбаттуу айыл досторум
Классташтарым элек менин

Один комментарий к “Элиза Кушбакова — Классташтар тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *