Датасы: 04.06.2024
Формат: mp3

Мага тааныш ушул көчөлөр

Баскан сайын жүрөк эзилткен

Бак аралап баскан күндөрүм

Эстеп ыйлап жүрөк эзилткен

Биз экөөбүз чогу жүргөн күнүбүз

Ошол күн кандай бактылуу

Айрылышкан күндү эстеткен

Мага азыр өтөт кайгыруу

Кайырма

Жашоо жашоо мынча кызыктуу

Сүйүшкөндөр бирге болушса

Жашоо жашоо мынча азаптуу

Эки жолго кадам коюшса

Тагдыр мени ар жолдон сынап

Ушул жолдон далай бастырдың

Ааламда жол түгөнгөн сыяк

Анан эмнеге сени жактырдым

Мезгил тынбай зымырап учат

Мен бир жарадар бир оорукчан

Айткан сөздөр баары калп тура

Анан эмнеге мени жактырдың

Жашоо жашоо мынча жагымдуу

Сүйүшкөндөр бирге болушса

Жашоо жашоо мынча азаптуу

Эки жолго түшүп калышса

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *