Элмирбек Иманалиев — Балкыма тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Сезимим чочуй баштады,
Сен кетчү тарап башкабы?
Күбүлүп түшүп жалбырак,
Күтпөйбү жазды баштагы.
Эх, мезгил токто шашпачы,
Эргүүмдү күбүп какпачы.
Таң болуп келген сүйүүмдү,
Чиркин, талкалап салбай сактачы.
Тагдырда бар да айрыма,
Таалайсыз кылып кайрыба.
Жок кылгым келбейт эч качан,
Чиркин, жомоктон мени айрыба.
Дабышын укпай жүрөктүн,
Далайдан бери жүдөпмүн.
Кыйноого салып жанымды,
Чиркин, кыйкырык салып сүрөпмүн.
Көргөндө көзүм ачылды,
Көксөгөн демим басылды.
Жоодурап турган жамалың,
Оо, балкым, жомокко мени чакырды.
Жан дүйнөм балкып кубанды,
Жакшы сөз, балким, угамбы?
Жолуңуз башка деп айтып,
Жүрөктү кылба уранды.
Айласын таппай жанымдын,
Алыска кетсең сагындым.
Ызгаарын көрүп кусанын,
Ысыгын сездим жалындын.
Мейли, назары түшсүн жакшынын,
Нурдансын жаркып жаштыгың.
Тапшырдым көрүп койгун деп,
Оо, балкым, таңына сени Аксынын.
Сен бирок ичтен чыйрал да,
Сүйүүңдү мага ыйгарба.
Сооротуп жашат жөн гана,
Сен мендей болуп кыйналба.
Чок түшкөн өңдүү көсөлөм,
Чочуба баарын көтөрөм.
Батына албайм эч качан,
Оо, чиркин, бар болгон үчүн көшөгөм.
Сен болсо эркин уларсың,
Зоокадан сайрап турарсың.
Башкалар такыр түшүнбөс,
Оо, балкым, боздогон үндү угарсың.
Андайлар көптүр айылыңда,
А бирок үндүү айрым да.
Обдулса дагы жүрөгүң,
Ошондо дагы кайрылба!
Кандай жан болдум мен деги,
Келбе деш оңой нерсеби,
Кысылтып сени өзүмдөй,
Кыйнагым келбейт мен сени.
Сага эчак бакыт кезиккен,
Сен деген жанды эшиткем.
Сени эмес эми ар качан,
Оо, балкым, сүйүүмдү жектейм кечиккен!
Сени эмес эми ар качан,
Оо, балкым, сүйүүмдү жоктойм кечиккен!

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1596
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти313
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти198
Алмаз Шаадаев - Айрылып кеттин алыска тексти115
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти88
Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла тексти74
Кызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт тексти67
Сыймык Бейшекеев - Таарынба тексти67
Айганыш Абдиева — Коё бер тексти62
Зарлык Камбаралиев, Айганыш Абдиева - Сен менде ганасын тексти48

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.