Тойбосс
Тойбосс

Сагынганда атамды тексти
Сөзү : А.Өмүркановдуку
Обону : Э.Талиповдуку

Айылыма барарымда аптыгып,
Атамды ойлоп көздөрүмдөн жаш чыгып,
Балбалактайм бар-жогумду унутуп,
Балалыгым келүүчүдөй бастырып.

Кайырма:
Алыңды айтып алыс жактан жел келет,
Көптөн берки көңүл бугум жазамбы?
Көздөрүнөн өпкүм келет эркелеп,
Мен алыстан сагынганда атамды.
Көздөрүңдү өпкүм келет эркелеп,
Сагындым, эй, сагындым, эй, атамды.

Башыңдан күн, аягыңдан ай туулуп,
Турчу, ата, аппак таңдай кулпуруп.
Жерге бутум жетпей учуп баратат,
Аска чапчып аккан суудай жулкунуп.

Кайырма:

Бактан булбул, кырдан таңшып улары,
Баягыдай күнүң батып, чыгабы?
Карегинен каруу-күчүн алдырбай
Карааны тоо атам күүлүү турабы?

Кайырма:

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Самара Каримова — Жеңиш күнү тексти1300
Гүлназ Чыныбек кызы — Жолуксак кандай жакшы тексти900
Самара Каримова - Эстелик тексти432
Сыймык Бейшекеев - Жоокер ыры тексти424
Түгөлбай Казаков — Эстелик тексти304
Эрлан Андашев — Уяласын го тексти271
Самара Каримова — Эстелик тексти220
Азиз Батыров — Алга Кыргызстан тексти214
Айзада Жамгырчиева — Cүйүп барам тексти212
Чубак Сатаев - Жарамазан тексти209

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.