Элмирбек Иманалиев — Мунарым тексти

Көчүрүү (скачать)

Эстесем көлдүн кууларын,
Эстеймин сени, Мунарым.
Ал күндүн тагы өчпөгөн,
Азыр да ойлоп турамын,
Азыр да эстеп турамын.

Көңүлүм сүйгөн ынагым,
Көл жээги турган турагың.
Көрүнүп калып кокустан,
Көрүнүп калып капыстан,
Көйгөйгө салдың, Мунарым.

Он алты жашта курагым,
Ойлоно берип куурадым.
Оймоктой бала чагымда,
Оймоктой бала кезимде,
Ок атып койдуң, Мунарым.

Көл дагы турган мелтиреп,
Көңүлгө көп ой энчилеп.
Жалжалым, калдың узатып,
Жалжалым, калдың суранып,
«Жайында кайра келчи» деп.

Албырып оттой жанамын,
Айткандан кантип танамын?
Жаңылбайм айткан сөзүмдөн,
Жайында сага барамын,
Жайында кайра барамын.

Ушул жумадагы 10 популярдуу ыр

TitleLike Count
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти598
Нурмат Садыров - Жүрөктө Менин Арманым тексти297
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти60
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти52
Зарлык Камбаралиев, Айганыш Абдиева - Сен менде ганасын тексти27
Нурлан Насип - Кыргызстан тексти25
Кызсайкал Кабылова - Мен сизди унутушум керек эле тексти19
Cүйүү керемет тексти жана mp313
Самара Каримова - Менин атам жакшы адам тексти8
Гүлжигит Сатыбеков. Кара каш тексти жана mp36