Датасы: 24.02.2023
Формат: mp3

Бар байлыгым үйгө толо балдарым
Күйө бала кыздар келин жандарым
Үйгө келген ырыс кутту бек кармап
Бийик тутуп ак батадай кармагын

Коломдото отуң өчпөй дайыма
Коктуларга малың толсун жайыла
Жакшылыкка дасторкондор жайылып
Бир болгула бир туугандар дайыма

Жакшылыкты чачыладай чачканы
Силер менен мен бактылуу чактамын
Өмүр тилеп ар бириңе күндө мен
Жараткандан тилек сурап жатканым

Күндө өмүр өтө берет турбайбы
Болбосунчу эч убакта мууң кайгы
Үй-бүлөдө ынтымактуу от болсо
Жаратканым колдоп турат мындайды

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *