Датасы: 07.04.2025
Формат: mp3

Кечее эле күн жаркырап
Ачык болчу асманым
Түшүнө албай бүгүн турам
Кайда калдың ардагым

Азгырдыбы шамал сени
Түшүндүңбү өзүң деги
Мейли сага бакыт тилейм
Бурганакта калба-эми

Кайырма:
Жамгыр төктү эч басылбай
Кайгымды сезеби
Бирге жүргөн жаштык күндөр
Кайрылып келеби
Жамгыр токтоп балким эртең
Күнүм менин ачылар
Сезип жүрөм, билип жүрөм
Жүрөк дартым жазылар

Булут баскан асманым да
Бир күн балким ачылар
Күн жаркырап нурун төгүп
Ак шооласы чачыраар

Нурларына мен жылынып
Багым дагы ачылаар эй!
Мен башканын күнү болсом
Көлөкөлөп-асыраар

Кайырма:
Жамгыр төктү эч басылбай
Кайгымды сезеби?
Бирге жүргөн жаштык күндөр
Кайрылып келеби?
Жамгыр токтоп балким эртең
Кунум менин ачылар
Сезип журом, билип журом
Журок дартым жазылар

Кайырма:
Жамгыр токтоп балким эртең
Күнүм менин ачылар
Сезип жүрөм, билип жүрөм
Жүрөк дартым жазылар
Жамгыр төктү эч басылбай
Кайгымды сезеби?
Бирге жүргөн жаштык күндөр
Кайрылып келеби?

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *