Сүйүүм турат жердин кени тургандай,
Мойнумдагы ыйык, аяр тумардай.
Көкүрөккө сыймык толуп караймын,
Көп кыйналып жакшы бир үй кургандай.
Сүйүүм агат мелмилдеген суулардай,
Айбаттанат көлдө сүзгөн куулардай.
Таттуу сайрап, элжиретип сезимди,
Таң алдында үн алышкан улардай.
Бул дүйнөдө ачкан менин үнүмдү,
Жарык кылган көөдөндөгү түнүмдү.
Сенин гана аман жүргөн карааның,
Мен сен үчүн даңктап ырдайм сүйүүмдү.
Эльзар Өскөнбаева — Мендеги ыйык махабат тексти
Датасы: 26.10.2020 Көрүүлөр: 1923
Эжекеме таазим тай эжемдин арбагы колдосун