Датасы: 13.10.2024
Формат: mp3

Сенде бир жылуулук бар

Өзүңө тартып турган

Сен мага кымбат жансың башкалардан

Жан дүйнөм кыйналганда

Дарым сен айыктырган

Пири сен жылдыздардын жанып турган

Кайырма:

Эгиз жүрөкпүз бир жаралган

Бул сүйүүм мухит сага арналган

Муз жүрөк сени сүйүп сууга айланды

тамчылаган

Көздөрүң күйүп жаркыраган

Жашоомо бакыт тартуулаган

Асылым аруу кылыгыңа мен байланам

Сагынам бир өзүңдү

Жайнаган көздөрүңдү

Жалгызым балдай ширин сөздөрүңдү

Кыялга батып кетем

Көргөндө күлгөнүңдү

Жактырдым мен баарынан жумшак мүнөзүңдү

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *