Датасы: 01.08.2025
Формат: mp3

Барган жерден бакыт тапкын жаным кызым
Жаратканым бактыңарды тоодой кылсын
Элден алган ак батаңар кабыл болуп
Түндүгүңөр түбөлүкө бийик турсун
Түндүгүңөр түбөлүкө бийик турсун

Кайырма:
Коломтоңдон отуң өчпөй жалындасын
Жакшы адамдан үйүңөр түк жабылбасын
Балапаным атасынын эрке кызы
Жүрөгүмдө сен ар дайым жанымдасын
Жүрөгүмдө сен ар дайым жанымдасын

Чырпыгыңар чынар болуп бутактасын
Кыз чоңойтуп койнуңар уул кучактасын
Келин болгон куттуу жерден байбиче бол
Тилегеним аман болсун алтын башың
Тилегеним аман болсун алтын башың

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *