Датасы: 03.08.2020
Формат: mp3

Жүрөктөн кеттим бир көрүп
Күндөрүм турат өзгөрүп
Сулуу кыз бизге шаардан келдиңби

Эрчидиң калбай артымда
Сендейдин миңи жактырган
Сулууну жигит эми көрдүңбү

Кинодон көргөм сендейди
Жактырабы мендейди
Жактырсам эгер сендейди
Курбу кыздар күлбөйбү

Кайырма:
Өзгөчө болуп бөлүнбөй
Ай нуру болуп төгүлбөй
Айылда мурда көрүнбөй
Сулуу кыз кайда элең

Айылда өскөн кыз элем
Ааламда сүйүү издегем
Адашпай таптым жарымды
Ал кезде шаарда элем

Апандан жумуш талашпай
Айылдык турмуш жарашпай
Байкасам жүдөп калган окшойсуз

Уйларды саап эртелеп
Тез үйгө чыкчум эркелеп
Балалык кезди унуткан окшойсуз

Тырмагын сынып калбасын
Кетүүнүн таппай айласын
Мен деле өскөм айылда
Дайым келем жайында

Кайырма:

Шаардыкбыз биз деп бөлүнбөй
Жасалма күндөй көрүнбөй
Айылга келип турсак сонун да
Бейишин тоонун борунда

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *