Датасы: 29.09.2020
Формат: mp3

Бир тууганым таянарым
Үйгө толгон ырыскым
Бар болгула силер менин
Жанып турат жылдызым
Жылмаюну көрөйүн
Жарык маанай жүргүлө
Жаратканым буйрусунчу
Жаркын өмүр сүргүлө

Силер менен дүйнөм кенен
Ар бир күнүм салтанат
Кышы жайы гүлдөр жайнап
Жаз көрүнөт чар тарап
Күлкүңөрдү көрөйүн
Күндөй жарык жүргүлө
Кудай өзү буйрусунчу
Узак өмүр сүргүлө

Кечээ эле бөбөк элең
Мен садаган болойун
Абайладың тай-тайладың
Эми мынтип чоңойдуң
Бир туугандар урматташып
Ушул бойдон жүрөлү
Ата-энеге кызмат кылып
Узак өмүр сүрөлү



Эмил Балтагулов — Бир тууган тексти: 7 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *