Улуттун айырмасын тилден алган
Тилибиз бабалардан мурас калган
Өз өлкөм өз тилим болгон үчүн
Кыргызым жашап келет байыртадан
Эне тил ар бир жандын дили болот
Эне тил жүрөгүңдүн үнү болот
Билбеген эне тилин маңкурт делип
Эл алдына чыга албаган сүрү болот
Кайырма:
Өз тилиң кыргыз бурба
Бөлөк тилде маек курба ээй
Эне тилин чаңгандарды
Намыс барбы карап турба ээй
Биз кыргыздар кыргызча сүйлөшөлү
Эне тилин билбегендерди сүрдөтөлү
Кылымдарды карыткан ээй тилибизди
Башкага да кызыктырып үйрөтөлү
Кел кыргызым кыргызча сүйлөшөлү
Миң жылдык жолуду улап жашап келген
Сөздөрүм асылдардын тилин берген
Кыргыздын чоң байлыгы эне тили
Кылымдар карыса да кемибеген
Байлыгы сөз мааниси чектелбеген
Алты миң жашап келет эзелтеден
Манасты берген дилим адам затка
Кыргызга сыймыктанчуу демди берген
Ушул ыр азыркы учурда абдан маанилүү
Туура айтасыз!
туура ырдаган биз кыргыздар кыргызча эеле суйлошолу
оа
Оа эмес ооба
туура айтасыз
Кыргыз тилин чамгандарга намыс барбы карап турбаа ээй
Бул ырдын минусовкасы барбы
Кечиресиз жок экен
Мага жакты нурлан байке ырыныз аябай жакты
Жакшы ыр экен
Ооба
Мага аябай жакты
Абдан сонун чыгарма,чындап эле элдин баарын кыргызча суйлотолу
Азамат Нурлан байке
Баиэл
Ооба
Азамат Нурлан!бул ыр мага аябай жакты
Мага дагы
0700117194
Нурлан ске
Эн сонун мааниси да ото сонун ,уккулуктуу да.
Мага аябай жакты
Мага ырыңыз аябай жакты Нурлан байке
Оба
Бул жерде минусовкасы менен текст ар башка го бирок сонун ыр экен мага жактыю
Сиз мыкты зыз