Менин келинчегим

Достор менен бөлүш
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  

Нурлан Насип жана Баястан менин келинчегим mp3 угуу

Нурлан Насип жана Баястан менин келинчегим тексти

1.Баястан :

Менин бактым менин жаным болдуң өзүң
Бейиш болсун эң аягы биз бараткан жолдун
Баардык жактан жарашабыз билем жетет менин көзүм
Турмуш алып келсе оордук мына сага менин колум

Колуңдан мен жетелесем, жетелесем эркелесем
Эркелесем сага дайым, сени дайым эркелетсем
Көңүлүндү оорутпаймын, аппак кардай сезимдерим
Жашоомдун бүтүнү болдун менин сулуу келинчегим

Үйгө эрте келгим келет, жаным сени көргүм келет
Жумуштан бошоп колундан тамак жегим келет
Сыноолорду өттук жаным, чын бакытты таптык жаным
Улутуна карабаймын суйом сени жаным

Нурлан Насип :

Сенин маанайынды дайым карайм
Бакыт таалайды да акмалайм
Сенин таарынтканды жакалайм
Менин келинчегим деп калкалайм (2х)

2. Баястан :

Коргойм сактайм сени кымбат баалуу асыл таштай
Үшүп калсан болуп берем сага ыссык жайдай
Сенин сүйүүң жарык берет түндө жарык айдай
Бирге жүрсөк ала тоонун чокусунан тайбайм
Бактылуу билеттей болуп утуп алдым сүйүүнү
Утуп алдым бакытты мен утуп алдым өзүңдү
Көздөрүң дайым жайнап эриңдерин жылтырап
Чачтарың жазгы гүл болуп дайым мени суктантат
Сен экөөбүз билесиңби толкун менен жээктей
Сүйлөшөбүз унчукпастан эч кимге билдирбей
Түшүнөсүң бир карап эч кимге сен билгизбей
Биздин дүйнөбүзгө эми эч кимди киргизбейм

Нурлан Насип :

Узатаар замат сагынамын сени
Бул сапар сага багынамын эми
Караныңдан кагыламын мен эми
Менин келинчегим деп сени (2х)

Сенин маанайыңды дайым карайм
Бакыт таалайды да акмалайм
Сенин таарынтканды жакалайм
Менин келинчегим деп калкалайм (2х)

Баястан :

Колуңдан мен жетелесем, жетелесем эркелесем
Эркелесем сага дайым, сени дайым эркелетсем
Көңүлүңдү оорутпаймын, аппак кардай сезимдерим
Жашоомдун бүтүнү болдуң менин сулуу келинчегим. (2х)

Менин келинчегим Баястан & Нурлан Насип караоке

Менин келинчегим Баястан & Нурлан Насип клип

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.