Датасы: 25.10.2019
Формат: mp3

Улуттун айырмасын тилден алган
Тилибиз бабалардан мурас калган
Өз өлкөм өз тилим болгон үчүн
Кыргызым жашап келет байыртадан
Эне тил ар бир жандын дили болот
Эне тил жүрөгүңдүн үнү болот
Билбеген эне тилин маңкурт делип
Эл алдына чыга албаган сүрү болот

Кайырма:

Өз тилиң кыргыз бурба
Бөлөк тилде маек курба ээй
Эне тилин чаңгандарды
Намыс барбы карап турба ээй
Биз кыргыздар кыргызча сүйлөшөлү
Эне тилин билбегендерди сүрдөтөлү
Кылымдарды карыткан ээй тилибизди
Башкага да кызыктырып үйрөтөлү
Кел кыргызым кыргызча сүйлөшөлү

Миң жылдык жолуду улап жашап келген
Сөздөрүм асылдардын тилин берген
Кыргыздын чоң байлыгы эне тили
Кылымдар карыса да кемибеген

Байлыгы сөз мааниси чектелбеген
Алты миң жашап келет эзелтеден
Манасты берген дилим адам затка
Кыргызга сыймыктанчуу демди берген

Нурлан Насип эне тилде сүйлөйлү караоке

Нурлан Насип — Эне тилде сүйлөйлү тексти: 106 комментарий

  1. Ушул ырдын минсовкасы болсо жонотсонуздор 0703 09 19 71 ушул номерге жонотунуздор сураныч

  2. туура ырдаган биз кыргыздар кыргызча эле суйлошолу орусчаны росияга барарда уйронолу бирок кыргызстанда кып кыргызча суйлошолу

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *