Жамалы белең берметтин,
Жабыркап жүрөк дегдеттиң.
Кароосуз калган кайыктай,
Кайыр кош, жаным, сен кеттиң.
Кайырма:
Карап, карап, кайрадан сени самап,
Күттүм, күттүм, күттүм,
Жалжалым, жалгыздыктан тажап бүттүм.
Көпөлөк гүлгө коно албай,
Көңүлүм сыздап, толо албай.
Серпилип жүрөк кыйналды,
Сендейлер сендей боло албай.
Кайырма:
Кош дегим келбейт, кош дегим,
Козгобо, бөлөк жок кебим.
Кайгырсам, жалгыз, аргам жок,
Кош дешер жарым жок менин.
Эрлан Андашев — Жалгыздыктан тажап бүттүм тексти
Датасы: 13.11.2020 Көрүүлөр: 18451