Сага таза сүйүүм
Садагасы түшүн
Суйкайасың сулуу
Сенсин жыпар гүлүм
Өзүңсүз мен алсыз
Өзүң гана жалгызым ай
Карегиңде жалын
Күйүп турат жаным
Салыштырам сага
Салкын кундүн таңын
Сенсиң менин багым
Сага арнайм бардыгын ай
Кайырма:
Жалгызым ай
Жан дүйнөмдүн жыргалы ай
Өзүн сенсиң жалгыз бир ай
Сага гана арналат ай
Жалгызым ай
Жан дүйнөмдүн жыргалы ай
Жакшы ырдын ыргагындай
Жеттиң жүрөк кылдарын ай
Жылуулугуң оттой
Жалындаган чоктой
Жалгыздыктан алсыз
Жүрөк калат сокпой
Сезимиңди жандыр
Сенсиң менин тагдырым ай
Үлбүрөгүм аппак
Үнүң назик таптак
Бакыт каалайм сага
Бул өмүрдөн бактап
Сен мен үчүн чүрөк
Сага арналат жүрөгүм ай