Датасы: 14.08.2020
Формат: mp3

Кызыктырган гүлүм ай,
Кызыгамын билиң ай.
Жандап баса албаймын,
Жалтантат го сүрүң ай.
Кыйнап мени бүттү го,
Кызгалдактай түрүң ай.
Күлмүң көзүм татынам,
Күбүлбөсүн бүрүң ай.

 Кайырма:

Ах гүлүм ай, гүлүм ай,
Сага таза сүйүүм ай.
Чаңкап суусап ыр ырдап,
Чарчады го тилим ай.
Эх гүлүм ай, гүлүм ай,
Сага таза сүйүүм ай.
Чаңкап суусап ыр ырдап,
Чаалыгып мен жүрүм ай.

Басканың куп маралдай,
Батынып мен баралбай.
Чаңкоом сага канбады,
Чай ичкендей карандай.
Кол сунсам да жетпедим,
Койсоң эмне жаралбай.
Ээнсиреп кыйналдым,
Эл баспаган аралдай.

Суу аласың булактан,
Сугум артып караткан.
Качан сага сырдашам мен,
Калыс болчу жараткан.
Сезилбестен өткөмбү же,
Сени сүйөр курактан.
Таң беремин жүрөкө,
Тамшандырып сураткан.

Один комментарий к “Азиз Батыров — Гүлүм ай тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *