Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Кайырма:
Аппаксың, ай менен эгиздей,
Көздөрүң көгүлтүр деңиздей.
Сени менен бул жашоо керемет,
Сени менен телегей тегиздей.
Мен сени ай менен күнгө теңедим,
Ааламга тегиз жарыгын чачкан.
Бербейм сага сүйүүмдү жаралуу жандай,
Артыңдан калбай, алыстай албай.
Карашың жаныма канат,
Күлгөнүң баарына жагат.
Жагымдуу жароокер жаздай,
Кирпигиң күн шоола беле?
Жалтанам кароодон неге?
Жашоодо сен гана бардай.
Кайырма:
Аппаксың, ай менен эгиздей,
Көздөрүң көгүлтүр деңиздей.
Сени менен бул жашоо керемет,
Сени менен телегей тегиздей.
Бербейм жаным башкага мен сени,
Азапты андай салбагын мага.
Карап койчу жарк этип дагы бир жолу,
Сыртыңды салбай, жаным садага.
Кайырма:
Аппаксың, ай менен эгиздей,
Көздөрүң көгүлтүр деңиздей.
Сени менен бул жашоо керемет,
Сени менен телегей тегиздей.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *